05:20 10 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961

Көрсө, 90-жылдары кыргызстандыктар азыркыга караганда сүттү жана сүт азыктарын көп жечү экен. Ушундай эле көрүнүш жумуртка менен этке дагы тиешелүү.

Улуттук статистика комитетинин адистери акыркы 28 жылда кыргызстандыктардын ичкен-жегени кандай өзгөргөнүн иликтеп көрүштү. Алар 1990-жылдан 2018-жылга дейре жан башына керектелген орточо азык-түлүккө анализ кылышкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын тамактануусунда нан өзгөрүүсүз калган. Дээрлик 30 жыл мурда бир киши бир айда 10,7 килограмм нан жеп келген болсо, учурда бул сумма дээрлик өзгөргөн эмес. Эл нанды 2004-жылы эң көп жеген. Бул жылы бир кишиге айына 12 килограммга жакын нан туура келген.

Арак-шарапты ууртап-таткан боюнча да көрсөткүчтөр көп деле айырмаланбайт. Учурда бир айда жан башына 0,1 литр спирт ичимдиги туура келет. Бирок 1991-жылы бул көрсөткүч төрт эсе көп болчу. 2006 жана 2008-жылы ичимдикке ыктагандардын саны бир кыйла жогорулаган.

Ал эми жер-жемиш боюнча көрсөткүчтөр олку-солку болуп турат. Мисалы, 1996-жылы орточо эсеп менен ар бир кыргызстандык төрт килограммдан көбүрөөк жер-жемиш жесе, 2003-жылы бул көрсөткүч алты эсе азайып кеткен. Акыркы жылдары жогорулагандын үстүндө.

Таттуу-тарапаны кыргызстандыктар туруктуу жеп келет. 2003-жылы бир жаран бир айда эки килограммга чейин шекер колдонгон. 2004-жылдан бери бул көрсөткүч туруктуу бойдон сакталып келе жатат.

1990-жылдардын башында кыргызстандыктар эт менен сүттү көп ичип-жеген. Андан кийинки жылдары бул көрсөткүч төмөндөөнүн гана үстүндө болгон. Бирок акыркы жылдары абал турукташып калды. 2018-жылы бир жаранга бир айда эки килограмм эт жана жети килограммдан ашык сүт жана сүт азыктары туура келет.

Тема боюнча

Улуу Британиянын элчиси "Аламүдүн" базарына барганын видеого тартып алган
Адистер түндө шам-шум этүүнүн зыяндуу жактарын санап берди
Адис: тамактан ууланбаш үчүн 7 нерсеге көңүл буруу керек
Белгилер:
Сүт, эт, Кыргызстан, тамак-аш, азык-түлүк

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 17:00 09.12.2019
    17:00 09.12.2019

    Жаныбарларын аттыруудан КР канча табат

    Чет элдиктердин КР аймагында аңчылык кылууга уруксат берилип, өкмөт тарабынан анын жол-жобосу иштелип чыккан. Анын негизинде жыл сайын жапайы жаныбарларды атууга чет жактан ондогон киши келет.

    94
  • Акыркы жаңылоо: 18:00 06.12.2019
    18:00 06.12.2019

    Канчадан? 6-декабрга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларынын базарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

    66
  • Акыркы жаңылоо: 13:13 05.12.2019
    13:13 05.12.2019

    2020-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь

    Келе жаткан 2020-жылда Кыргызстанда бери дегенде 13 күн майрам катары кошумча дем алыш болот. Ыңгайлуу болуш үчүн материалдын шилтемесин сактап алыңыз.

    348
  • Акыркы жаңылоо: 17:00 02.12.2019
    17:00 02.12.2019

    Кыргызстанда эл көп алган автоунаалар

    Бул күздө автомобиль рыногу көп талкуунун башы болду. Sputnik Кыргызстан редакциясы эл кандай автокөлүктөрдү сатып аларына баам салды.

    1533

ЭҢ МААНИЛҮҮ