Мамлекет акчаны эмнеге коротот? Бюджеттик каражаттын сарпталышы сүрөттө

Жазылуу
2018-жылы акча кайда коротулганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.

Былтыр Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин чыгымы 158 миллиард сомго жакындаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Аталган каражат кандай бөлүштүрүлгөнүн билип көрдүк.

2018-жылы мамлекет социалдык маселелерге артыкчылык берген. Жалпы чыгымдын 40 пайызга жакыны билим берүүгө (33 миллиард сом), элди социалдык жактан коргоого (30 миллиард сом) жумшалган.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сомдун болуп көрбөгөндөй көлөмү бааны көтөрбөйбү? Cерепчилер эмне дейт
Андан кийинки орунда мамлекеттик кызматка кеткен чыгымдар турат. Алардын көлөмү жалпы чыгымдын 12 пайызын түзгөн. Башкача айтканда, 2018-жылы мамлекеттик кызматка 19 миллиард сом кеткен. Ал эми коргоо тармагына 17 миллиард сом чыгымдалган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, саламаттыкты сактоого мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын 9 пайызга жакыны бөлүнүп, 13,6 миллиард сомду түзгөн.

Турак жай-коммуналдык кызматтарга кеткен чыгым болжол менен 5 миллиард сомго жакындаган. Маданиятка, эс алууга жана дин тармагына корогон чыгым 4 миллиард сомдон ашса, экономикалык маселелерди чечүү үчүн дээрлик 3 миллиард сом сарпталган.

Ал эми айыл жана токой чарбасына, балыкчылыкка жана аңчылыкка жалпы чыгымдын 1 пайыздан бир аз көбүрөөгү кеткен. Транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо жана байланыш жаатына мындан аз акча коротулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0