Кыргызстандын кайсы аймагы алтынга бай. Карта

Жазылуу
Быйыл жайда Солтон-Сары алтын кенинин тегерегинде чыр чыгып, андан улам иш токтотулду. Аталган кенде алтындын жалпы кору болжол менен 20 тоннага чамалайт. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы өлкөдөгү пайдалуу кендердин картасын изилдеп, республиканын кайсы аймагында асыл металл кени арбын экенин тактап көрдү.

Кыргызстандын аймагында жалпы 302 алтын жана алтын аралашкан кен чыккан жер бар. Бул туурасында Кен чыккан жерлер жана пайдалуу кендер реестринде айтылат. Эгер курамына алтындан башка дагы металлдар, маселен, жез, сымап, сурьма, кобальт, вольфрам камтылган кендерди да эске алсак, анда бул көрсөткүч 382ге жетет.

Алтын кендеринин саны боюнча алдыңкы сапта Жалал-Абад облусу турат, алтын аралашкандары менен бирге 95 баалуу металл топтолгон кен бар. Албетте, алардын басымдуу бөлүгү руда-алтын аралашкан топурактуу кендүү жерлерге кирет. Мындан тышкары, аталган региондун аймагында беш орточо алтын кени жайгашкан, облустар арасында бул эң жогорку көрсөткүч.

Саны боюнча алтын кенине жарды Баткен облусу, бирок изилдөөчүлөр алардын ичинен үчөөнү орточо кендерге киргизет.

Ири кендер өлкө аймагында төмөнкүчө жайгашкан. Ысык-Көл облусунда жалпыга маалым болгон Кумтөр бар. Божомолдорго караганда, 2019-жылы алтын өндүрүү көлөмү аталган кенде 16-17,5 тоннаны түзмөкчү.

Чүй облусунда Талды-Булак Сол жээк жайгашкан. Анда алтындын кору 64 тоннадан ашат.

Эгер курамында алтындан сырткары башка металлдар да камтылган кендерди кошо эсептесек, анда ири кендердин саны эки эсеге көбөйөт. Талас облусунда Талды-Булак кени (алтын, жез), ал эми Ош облусунда Чалкуйрук-Акжылга (алтын, кобальт) кени бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0