Кыргызстандыктар насыяны кандай максатта алат? Банктар тууралуу маалымат

Жазылуу
Кыргызстандын банктарындагы депозит жана насыялар тууралуу кызыктуу статистиканы Sputnik агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот.

Быйылкы жылдын март айындагы маалыматка караганда, Кыргызстандагы банктардын насыя портфели 130 миллиард сомду түзгөн. Бул 2018-жылдын аягындагы санга караганда 2 пайызга көп экени Улуттук банктын сайтында айтылган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрү мигранттарга пенсия төлөй баштайт. Жол-жобосу кандай болот
Алынган насыялардын эң ири бөлүгү, тагыраагы, 36 миллиард сому соода-сатыкка жумшалат. Экинчи орунда 24 миллиард сом менен айыл чарба үчүн алынган насыялар. Андан кийинки орундарда курулуш иштери (11,8 миллиард сом) жана өндүрүш (11,3 миллиард сом) турат.

Мындан кийинки тепкичте керектөөчү насыялар жана ипотека турат. Булар 13 миллиард сомду түзөт.

Банктардын депозиттик базасы дагы өткөн жылдарга карата өскөн. Мисалы, март айында 133,8 миллиард сомго жетип, былтыркы жылдын башындагыга караганда 0,5 пайызга жогорулады.

Ошол эле март айында Кыргызстандагы банктардын жалпы активи 221 миллиард сомдон ашкан.

Экономикада соода-сатык маанилүү роль ойнойт. Андыктан, Кыргызстан кайсы өлкөлөр менен соода мамилесин кургандыгы тууралуу дагы макала даярдаганбыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0