Кыргызстан тыгыз соода кылган 10 мамлекет. Алты жылда рейтинг кандай өзгөрдү

Жазылуу
Алдыңкы үч сапта Кытай, Россия жана Казакстан турат. 2013-жылы Швейцария төртүнчү орунда болсо, азыр бул мамлекет менен дээрлик соода-сатык жок.

Кыргызстандын башка мамлекеттер менен соода алакасы кандай өзгөргөнүнө Sputnik агенттигинин кабарчысы Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карап саресеп салып көрдү. Ага ылайык, акыркы алты жылда сап башындагы мамлекеттердин катары бир аз өзгөргөн.

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгы менен 23 документке кол коюлду. Тизме

Мисалы, буга чейин тизмеде Россия биринчи болсо, азыр алдыңкы сапта Кытай турат. Учурда Кытайда өндүрүлгөн товарлар Кыргызстанга көп кирип жатканы менен жергиликтүү товарлар Кытайга дээрлик сатылбайт.

Экинчи орунда Россия турса, үчүнчүнү Казакстан ээлеген. 2013-жылы соода-сатык жаатында Швейцария төртүнчү орунду ээлесе (Кыргызстандан алтын сатып алчу), азыр төртүнчү орунда Улуу Британия турат. Бул мамлекет дагы Кыргызстандын баалуу металлдарына кызыгат.

Бешинчи орунда Өзбекстан менен Түркия. Ал эми АКШ менен болгон соода-алаканын көлөмү 93 миллион доллардан 33 миллион долларга чейин азайган. Бүгүнкү күнү АКШ Украинадан кийин сегизинчи орунда турат.

Тогузунчу орунда Тажикстан болсо, онунчу сапты Германия ээледи. Немистер менен болгон сооданын көлөмү 90 миллион доллардан 26 миллион долларга чейин төмөндөгөн.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0