Жыл башынан бери суудан ажал тапкандардын саны. Кейиштүү статистика

Жазылуу
ӨКМдин берген маалыматына ылайык, 2019-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 88 адам сууга чөгүп каза болгон. Алардын арасында унаасы менен дарыяга түшүп кеткендер, көлгө чөккөндөр бар...

Статистикага таянсак, өлкөдө сууда көз жумгандардын көбү эркектер экен. Жети айдын ичинде Кыргызстанда 47 эркек каза болгон. Ал эми аялдардын саны жетини түзөт. Баарынан да кейиштүүсү, жыл башынан бери 12 жашка чейинки 20 бөбөк суудан ажал тапкан. 12-18 жашка чейинки балдардын арасынан 14 баланы суунун агымы алып кеткени маалым болду.

Кырсыктардын алдын алуу үчүн куткаруучулар элге кайрылуу жасап, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0