Кыргызстандын кайсы жеринде жол кырсыктар көп болот. Статистика

Жазылуу
Күн сайын өлкөдө 16дан ашык жол кырсыгы болуп турат. Акыркы 12 жыл ичинде 33 пайызга көбөйгөн.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын кайсы аймагында жол кырсыгы көп болорун аныктады. Ведомствонун маалыматына караганда, республиканын жолдорундагы унаалар ар 1,5 саатта кагышып турат.

Жол кырсыктардын көбү Бишкекте кездешет. Сандар менен айтсак, жалпы көрсөткүчтүн 38 пайызын түзөт. Экинчи орунда Чүй облусу турат. Ар бир бешинчи автокырсык ушул аймакта катталат. Ал эми 10 жол кырсыктын бирөө Ош облусунда болуп турат.

Авария эң аз катталган аймак катары Талас дубанын айтууга болот. Анда жылына жүзгө жакын унаа кырсыктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0