КРдеги ЖОЖдор чет элдик студенттерден канча акча табат? Инфографика

Жазылуу
Учурда өлкө аймагында 20 миңге жакын чет элдик студент билим алып жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги алар кайсы өлкөдөн келип, канча контракт төлөй тургандыгын тактап көрдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда дүйнөнүн 64 мамлекетинен келгендер окуйт. Алардын басымдуу бөлүгү - Индия, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын жаштары.

Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров - Sputnik Кыргызстан
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
Чет элдиктердин айрымдары өзү окуган университетке жыл сайын 20 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөсө, дагы биринин келишим баасы 440 миң сомго жетет.

Ошондой эле өкмөт аралык келишимдердин негизинде жыл сайын Казакстандан беш, Белоруссиядан 10 студент келип акысыз окуйт. Андан сырткары, этникалык кыргыздарга жылына 75 бюджеттик орун берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0