Сөөк коюуга өкмөт канча акча берет. Аза зыйнатына байланыштуу жөлөк пул

Жазылуу
Жөлөк пулдун бул түрү тажияга кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабат. Каражаттын суммасы эмнеден көз каранды жана акча алуу үчүн кандай документтер керек? Бул суроолорго Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жооп берди.

Аза зыйнатына жөлөк пул өкмөттүн тийиштүү жобосу менен жөнгө салынат. Анын көлөмү маркумдун тирүү кезинде кирген категориясына (иштеген-иштебегени, багууда), пенсия же орточо айлык акысынын базалык өлчөмүнө жараша болот.

Жөлөк пул республикалык же жергиликтүү бюджеттен берилет. Эгер пенсионер же ал камкордугуна алган үй-бүлө мүчөсү каза болсо, акча Социалдык фонд тарабынан бөлүнүп, көлөмү пенсиянын базалык өлчөмүнө карап эсептелинет.

Калган учурда жөлөк пулдун суммасы орточо айлык акынын 100, 50 жана 20 пайызын түзүшү мүмкүн, башкача айтканда, 1500 сомдон 7000 сомго чейин болот. Мисалы, жумушчу көз жумса, ага 7189 сом берилет, анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза тапса 3 595 сом бөлүнмөкчү. Эгер чет мамлекетте жүрүп мертинсе, берилчү акчанын көлөмү 1 438 сом болот.

Ал эми эмгек келишими менен расмий түрдө бир компанияда иштеген адам каза болсо, акча алуучу киши анын өлгөнү тууралуу маалымдама алып келип берет. Калган учурда маркумду жерге берген киши арыз, өз паспортунун көчүрмөсүн, маркумдун өлгөнү тууралуу маалымдама, анын жана өзүнүн акыркы жашаган жеринен маалымдама, аза кызматы көрсөтүлгөнүн тастыктаган маалымдама алып келип көрсөтүүгө тийиш.

Эскерте кетчү жагдай, жогоруда айтылгандан башка да документтер талап кылынышы мүмкүн. Алардын тизмеси маркумдун тирүү кезинде кайсы категорияга тиешелүү болгонунан көз каранды.

Буга чейин жумуштан алчу жөлөк пулдар тууралуу жазганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0