Жетекчиңиз сизден жашырган жагдайлар. Жумуштан алчу жөлөк пул тууралуу

Жазылуу
Кыргызстандыктар кандай жагдайларда жумуш берүүчүдөн жөлөк пул ала аларын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен айтып беришти.

Эмгекке убактылуу жараксыз жумушчуларга төлөнчү жөлөк пул тийиштүү жободо көрсөтүлгөн. Ал эми иш учурунда жаракат алгандарга берилчү төлөмдөр Эмгек кодексинде жазылган.

Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты - инфографика - Sputnik Кыргызстан
Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты

Эмгекке убактылуу жараксыз жумушчу жөлөк пул алуу үчүн иштей албай турганын тастыктаган кагаз алуусу керек. Төлөмдүн көлөмүнө жалпы стаж таасир этет.
Биринчи он күндүк төлөм күндүзгү орточо айлыктын көлөмүнө жараша аныкталат. Сиз маянаңыздын 100, 80 же 60 пайызын ала аласыз. Мисалы, сиздин жалпы стажыңыз төрт жылдан аз болсо, анда орточо маянаңыздын 60 пайызы төлөнөт.
Ал эми маянаңыздын 100 пайызын бир гана стажыңызга карап эмес, тоолуу аймактарда жашаганыңызга, кан тапшырып жүргөнүңүзгө, мамлекеттик сыйлыктарды алганыңызга жана башка ушул сыяктуу артыкчылыктардын негизинде алсаңыз болот.

11-жумушчу күндөн тарта 50 эсептик көрсөткүч менен төлөнөт, тагыраагы, жөлөк пулдун көлөмү маянаңызга карата эмес, айына 5000 сомдон берилет.
Иш учурунда жаракат алгандарга Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Жөлөк пул жамааттык келишимдин негизинде аныкталып, майыптык тобуна жараша берилет. Көлөмү мыйзамдагы көрсөткүчтөрдөн кем болбоого тийиш.

Жабыркагандыгыңызды жумуш берүүчүгө тастыкташ үчүн кырсык тууралуу акт, соттун чечим же медициналык справка сыяктуу документтерди көрсөтсөңүз болот.

Баса, Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пулдар дагы берилет. Төлөмдөрдүн көлөмү жана шарты кандай экенин Sputnik агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0