01:01 22 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Инфографика

Ата-эненин мээриминен ажыраган балдар. Кыргызстандагы миграция тууралуу инфографика

Кыскача шилтеме алуу
128 0 0

Жүргүзүлгөн ири сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында абал салыштырмалуу жакшы.

Кыргызстандагы ар бир сегизинчи баланын атасы же апасы чет мамлекетте жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети менен БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылат.

Атасы же апасы чет жакка кеткен балдардын көбү Ош менен Жалал-Абад облусуна туура келет. Бул аймактарда ата-энеси калтырып кеткен балдар 18 пайызга өскөн. Экинчи орунда Ош шаары турат. Ал жакта көрсөткүч эки пайызга аз. Алдыңкы үчтүктү Баткен облусу жыйынтыктайт, бул жактагы балдардын 14 пайызынын ата-энеси чет мамлекетте иштеп жүрөт.

Ал эми Нарын облусунда балдарын таштап кеткен ата-энелер башка аймактарга салыштырмалуу аз.

Белгилеп кете турчу жагдай, Кыргызстанда 17 жашка чейинки балдардын төрт пайызынын атасы же апасы чет өлкөдө.

Ата-эне мээриминен ажыраган балдарга жардам берүү, абалды кантип жакшыртуу керектигин ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Лучио Сарандреа айтып берди.

"Экономикалык себептен улам пайда болгон миграция — бул кишилердин эркин тандоосу. Мамлекет жарандарынын башка мамлекетке аргасыздыктан эмес, өзүнүн тандоосу менен баруусуна шарт түзүшү керек. ЮНИСЕФ ата-энеси калтырып кеткен балдардын да башка балдардай эле тандоосу болушу керектиги үчүн күрөшөт. Кыргызстандын ар бир кичинекей жаранына жооп бере турган, анын коопсуздугун карай турган киши болушу зарыл", — деди ал.

Сарандреа, андан тышкары, Кыргызстандын Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден айырмасы аялдар да, эркектер да башка мамлекетке бирдей чыгып жатканында экенин баса белгиледи.

Белгилер:
миграция, балдар, ЮНИСЕФ

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 12:01 20.08.2019
    12:01 20.08.2019

    Кыргызстанда аба кантип булганат. Жан кейиткен сандар

    Өлкөдө таза аба маселесине көңүл бурган эксперттер менен жашоочулардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Статистикалык маалыматтарды карап чыгып, Sputnik кабарчысы Кыргызстанда аба канчалык булганганын иликтеп көрдү.

    114
  • Акыркы жаңылоо: 18:22 16.08.2019
    18:22 16.08.2019

    Канчадан: 16-августка карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларынын базарларына баам салып көрдүк.

    60
  • Акыркы жаңылоо: 12:18 16.08.2019
    12:18 16.08.2019

    Мамлекет акчаны эмнеге коротот? Бюджеттик каражаттын сарпталышы сүрөттө

    2018-жылы акча кайда коротулганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.

    278
  • Акыркы жаңылоо: 10:59 13.08.2019
    10:59 13.08.2019

    Кыргызстандын кайсы аймагы алтынга бай. Карта

    Быйыл жайда Солтон-Сары алтын кенинин тегерегинде чыр чыгып, андан улам иш токтотулду. Аталган кенде алтындын жалпы кору болжол менен 20 тоннага чамалайт. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы өлкөдөгү пайдалуу кендердин картасын изилдеп, республиканын кайсы аймагында асыл металл кени арбын экенин тактап көрдү.

    341

ЭҢ МААНИЛҮҮ