11:57 24 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6659
  • EUR77.9039
  • RUB1.1035
Инфографика

ЕАЭБде сатылган Кыргызстандын эң кымбат 5 азыгы

Кыскача шилтеме алуу
471 0 0
ЕАЭБде жакшы сатылган фермердик 5 азык

Атамекендик фермерлер жакшы киреше табуу үчүн кайсы айыл чарба продукцияларына көңүл бурушу керек. Бул суроого жоопту инфографикадан алсаңыз болот.

2018-жылы Кыргызстандын кайсы продукциялары ЕАЭБдин аймагына экспорттолгонун Евразия экономикалык комиссиясы аныктады.
Sputnik агенттигинин кабарчысы маалымат менен таанышып, кыргызстандык фермерлерге киреше алып келе турган алдыңкы 5 айыл чарба продукциясынын тизмесин түздү.
Рейтингдин алдыңкы сабына гүлдөр менен бутондор чыкты, өзгөчө продукциянын килограммы 318 сом турат. Андан кийинки орунда - жаңгак. Бул азык Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө килограммы 296 сомдон сатылган. Белгилей кетчү жагдай, жаңгактын экспортунун көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу кыйла көбөйгөн.
Үчүнчү орунга жер жаңгак чыкты. Анын килограммы 78 сомдон экспорттолгон. Андан кийинки эле орунда күн караманын уругу турат.

Бешинчи орунга абрикос, алча, гилас, шабдалы, кара өрүк жана терн чыккан. Өткөн жылы бул продукциялардын килограммы 59 сомдон ЕАЭБ аймагына сатылган.
Экспорттун көлөмү дагы кыйла жакшы көрсөткүчтү берген. Мисалы, былтыр баасы 366 миллион долларды түзгөн 6,5 тонна кургатылган буурчак экспорттолгон.

Экинчи орунга абрикос, алча, гилас, шабдалы жана кара өрүк илинди. Экспорттун көлөмү боюнча үчүнчү орунда алма, алмурут жана айва турат. Тизмеге жаңгак дагы кирди. Бул продукция ЕАЭБдин аймагына 600 тонна көлөмдө сатылып, баасы 169 миллион сомду түзгөн. Мындан сырткары, Кыргызстандын жүзүмү менен мейизи да ири көлөмдө экспорттолот.

Белгилер:
айыл чарба, Евразиялык экономикалык биримдик

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ