01:39 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Инфографика

Кыргызстан туристтерден канча пайда көрдү? Туризм боюнча фактылар

Кыскача шилтеме алуу
269 0 0
Кыргызстанда туризм кандай өнүгүп жатат

Маалым болгондой, Кыргызстанда туристтер эс алуусун өздөрү уюштурбай, көбүнчө туристтик фирмаларга кайрылышат.

Кыргызстандын туристтик тармагында иштер кандай болуп жатканын Улуттук статистикалык комитеттин адистери ачыкташты.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, былтыркы жылы чет элдик туристтерди кабыл алуудан түшкөн киреше сегиз пайызга көбөйгөн.

Эгер 2017-жылы башка мамлекеттин жарандары Кыргызстанга 418 миллион доллар таштап кетсе, былтыр бул сан 453 миллион долларга өскөн.

Ошол эле учурда кыргызстандыктар чет өлкөгө барганда акчаны сарамжалдуу колдонушкан. Тагыраагы, кыргызстандык туристтер чет өлкөгө барганда 2017-жылга салыштырмалуу 20 пайызга аз акча сарпташкан.

Кыргызстандык ишкерлер туризмди өнүктүрүүдө жылыштарды байкап жатканын айтышууда. Алсак, бул тармакта бир жыл ичинде 4000ге чукул ишкана ачылган.

Ошондой эле ресторан, бар жана ашкана иштеткендердин кирешеси беш пайызга өскөн.

Чекене соода жаатында да өсүү байкалган. Былтыркы жылы соодагерлер туризм тармагынан 2017-жылга караганда алты пайызга көбүрөөк акча табышкан.

Бирок бардык эле жерде киреше жакшы болгон эмес. Мисалы, туристтерди ташууда түшкөн каражат 10 пайызга кыскарган. Башкача айтканда, 2018-жылы анын көлөмү 150 миллион долларды түзгөн.

Тема боюнча

Борбор Азия өлкөлөрү инвестиция, соода жана туризм тармагында бирге иш кылат
Бишкекте туризм тармагына арналган жаштар форуму өтөт
Белгилер:
киреше, туризм, статистика

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 18:22 16.08.2019
    18:22 16.08.2019

    Канчадан: 16-августка карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларынын базарларына баам салып көрдүк.

    57
  • Акыркы жаңылоо: 12:18 16.08.2019
    12:18 16.08.2019

    Мамлекет акчаны эмнеге коротот? Бюджеттик каражаттын сарпталышы сүрөттө

    2018-жылы акча кайда коротулганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.

    262
  • Акыркы жаңылоо: 10:59 13.08.2019
    10:59 13.08.2019

    Кыргызстандын кайсы аймагы алтынга бай. Карта

    Быйыл жайда Солтон-Сары алтын кенинин тегерегинде чыр чыгып, андан улам иш токтотулду. Аталган кенде алтындын жалпы кору болжол менен 20 тоннага чамалайт. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы өлкөдөгү пайдалуу кендердин картасын изилдеп, республиканын кайсы аймагында асыл металл кени арбын экенин тактап көрдү.

    338
  • Акыркы жаңылоо: 18:16 09.08.2019
    18:16 09.08.2019

    Канчадан: 9-августка карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Токмок шаарларынын базарларына баам салып көрдүк.

    53

ЭҢ МААНИЛҮҮ