Кыргызстанда ишкердиктин кайсы түрү кирешелүү. Жаңы рейтинг

Жазылуу
Рейтингдин эң төмөн жагында инженерия менен нефти продуктуларын тазалоо өндүрүшү турат.

Кыргызстанда кайсы тармак кирешелүү деп саналарын Улуттук статистика комитетинин адистери талдап чыгышты. Ага ылайык, 2018-жылдын 9 айында металл буюмдарды чыгаргандар көч башында турат. Алар аталган мөөнөт ичинде 6,7 миллиард сом иштеп табышкан.

Озеро Иссык-Куль  - Sputnik Кыргызстан
Чыгаша тарткан пансионаттардын директорлору жоопко тартылсын! Өкмөттө сөз болду
Экинчи орунду соода менен алектенген компаниялар ээлейт, алардын кирешеси 4,6 миллиард сомду түзгөн. Алдыңкы үчтүктү Кыргызстандын элин байланыш менен камсыз кылган ишканалар толуктайт. Бул жаатта иштеген компаниялар 3 миллиард сом киреше көргөн.

Ити чөп жебей, иши илгерилебей жаткан тармактар дагы бар. Алардын арасына энергетика тармагы кирет. Бул жаатта иштегендер 1,3 миллиард сом чыгым тартышкан. Жогорку сапаттагы көмүр өндүргөндөр менен нефти продуктуларын тазалоо өндүрүшүндөгүлөр 1,7 миллиард сом жоготушкан. Ошол эле учурда архитектура менен инженерия компаниялары эң көп чыгым тартып, жоготкон акчасы 3 миллиард сомду түзгөн.

Учурунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан товарлар тууралуу бул жактан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0