Ойго да келбейт! Кыргызстанда картошканын баасы кандай өзгөрдү

Жазылуу
Алып сатарлар орто эсеп менен картошканын үстүнө 7 сомдон кошот.

Улуттук статистика комитетинин адистери Кыргызстанда картошканын баасы кандай өзгөргөнүн эсептеп чыгышты. Ага ылайык, баанын өйдө-ылдый болушуна жыл мезгилдери эч кандай деле таасир этпейт. Дыйкандардын өзүнөн сатып алганга салыштырмалуу, базарларда ал 7 сомго кымбат сатылат.

Учурда дыйкандар картошкасын сата албай кыйналып жатканын айтышууда. Былтыр жазында айыл чарба министри Нурбек Мурашев дыйкандарга картошка эккиле деп кеңеш берген. Ал октябрда картошканын баасы жогорулай турганын айтып, кабатырланууга негиз жок экенин билдирген. Бирок министрдин божомолу оңунан чыкпай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0