19:27 16 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8499
  • EUR79.7791
  • RUB1.0463
Инфографика

Жаңы жылдын көркүн чыгарып. Шаарларга коюлган балатылар рейтинги

Кыскача шилтеме алуу
26020
Кыргызстандын шаарларындагы балатынын бийиктиги

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Учурда ал майрамга даярдык көрүп убайым тарткандар да аз эмес.

Өлкө аймагындагы бардык шаарлардын борбордук аянтына балатылар коюлду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дараметине жараша шаарларды жасалгалады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы шаарда эң бийик жана кымбат балаты орнотулуп, жасалгалоого канча акча жумшалгандыгын тактап көрдү. Алардын арасында коюлган балатылардын бийиктиги боюнча Бишкек менен Ош шаары эч кимди алдына салдырган жок. Ал эми ал тизмени Нарын шаары жыйынтыктады.

Бишкек, Ош жана Каракол шаарлары мурун сатып алынган жаңы жылдын символун колдонушту. Ал эми Талас, Нарын, Токмок мэриясы тоодон карагай кыйып келишкен. Баткен башкалардан айырмаланып балатыга бир дагы сом сарптаган жок. Алар өткөн жылы даярдалган темир конструкцияны карагайлардын бутагы менен шөкөттөп борбордук аянтка койду.

Бул жылы эң кымбат балатыны Жалал-Абад шаарынын бийлиги сатып алды, анын баасы 1,5 миллион сомду түзөт. Бишкек мэриясы борбор калааны жасалгалоого жалпы алты миллион сомго жакын акча сарптаганын айтканы менен балатынын өзүнө канча каражат жумшаганы белгисиз.

Тема боюнча

Бишкекте балаты жана белек саткан жайлар ачылды
Белгилер:
бийиктик, балаты, шаар, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

  • Кыргызстандыктар мыйзамды кантип бузушат
    Акыркы жаңылоо: 17:29 14.01.2019
    17:29 14.01.2019

    Кыргызстанда паракорлук азайып, зордуктоо күчөдү

    Кыргызстанда эң көп жасалган кылмыш — бул уурулук. Өлкө боюнча ар бир 46 мүнөт сайын колу туткактык фактысы катталып турат.

    200
  • 4-январдан 11-январга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 17:22 11.01.2019
    17:22 11.01.2019

    Канчадан? 11-январга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларындагы бааларга баам салдык.

    104
  • 21-декабрдан 28-декабрга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 18:02 28.12.2018
    18:02 28.12.2018

    Канчадан? 28-декабрга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларындагы бааларга баам салдык.

    214
  • 2019-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр
    Акыркы жаңылоо: 15:16 24.12.2018
    15:16 24.12.2018

    2019-жылы эс ала турган күндөр. Календарь

    Кыргызстандыктар 2019-жылы адаттагы ишемби менен жекшембиден сырткары 11 күн эс алат. Керек учурунда издеп калбаш үчүн бул материалдын шилтемесин сактап коюуну сунуштайбыз.

    1210

ЭҢ МААНИЛҮҮ