Кыргызстанда арзан азык жокпу? ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү тамак-аштын баасы

Жазылуу
Кыргызстанда канаттуунун эти Россия, Белоруссия, Армения жана Казакстанга салыштырмалуу кыйла кымбат экендигин бардыгы байкай бербесе керек.

Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүктүн баасын салыштырды.

Статистикалык маалыматка ылайык, эттин арзаны Белоруссияда сатылат. Бул өлкөнүн эли малдын, чочконун, канаттуунун этин жана колбасаны арзан баада алышат. Балыкты Казактсандан алган үнөмдүү сыяктуу, килограммы 131 сомду түзсө, Кыргызстанда орточо баасы 200 сом.

Анткен менен өлкөдө каймак майы арзан (331 сом). Алма баасы Армения менен бирдей — килограммы 62 сом.

Макеевский комбинат детского питания в Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Коңшу өлкөлөрдөн эт жана сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салынды. Себеби
Казакстандыктар жумуртка, кант, ун, томат, бадыраң, сабиз, макарон өңдүү азыктардын наркына шүгүр десе болот. Эң арзан сыр үчүн Арменияга баруу керек экен.

Кыргызстанда ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен канаттуунун эти кыйла кымбат, килограммы 234 сом экендиги аныкталды. Анткен менен колбаса, күн карама майы, каймак, сыр, томат жана алма Россияга салыштырмалуу баасы арзан.

Белоруссияда бадыраңдын килограммы 179 сомду чапчыйт. Макарондун баасы Кыргызстан менен Россияда жогору экендиги байкалган, кардарлар 83 сомдон алышат.

Ошондой эле Арменияда мал эти, чочко эти, балык, каймак майы, жумуртка, кант, ун, картошка, сабиз кымбатыраак.

Жаңылыктар түрмөгү
0