07:17 22 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7771
  • EUR79.3680
  • RUB1.0514
Инфографика

Кыргызстанга кай жактан көп киши келет? Мамлекеттердин рейтинги

Кыскача шилтеме алуу
73120
Эли Кыргызстанга көп келген өлкөлөрдүн рейтинги

Алдыңкы үч сапка Казакстан, Россия жана Өзбекстан кирген.

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанга кайсы өлкөнүн эли көп келерин тактады. Мекеменин маалыматына ылайык, 2017-жылы жалпы 4,7 миллион чет өлкөлүк жаран чек араны кесип өткөн. Анын 2 миллионго жакыны Казакстандын жарандары. Өзбекстан бул жылы Россияны артка калтырып экинчи орунга илинген. Былтыр коңшу мамлекеттен Кыргызстанга 480 миң киши келген. Үчүнчү сапка илинген Россиядан бир жылда өлкөгө 471 миң киши кирген. Тажикстандан 250 миң адам келип төртүнчү орунга илинсе, бир жылда Түркиядан 54 миң, Кытайдан 40 миң жаран келген. Кызыгы, акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанга Индия менен Түштүк Кореядан келген жарандардын саны көбөйгөн.

 

Белгилер:
чет өлкө, статистика, рейтинг
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ