Диний ишенимден улам эмдөөдөн баш тарткан аймактар. Инфографика

Жазылуу
Диний ишенимдерден улам эмдөөдөн баш тарткандар борбор калаада көп кездешет.

"Кыргызстандагы иммунизацияга карата практика, мамиле жана билим боюнча иликтөөнүн" отчетунда кайсы аймактын эли эмдөө динге туура келбейт деп эсептээри айтылды. 

Жыйынтыгында мындай адамдардын Бишкек шаарында көп экени белгилүү болду. Борбордо 10 миң адамдын ичинен 18и эмдөөнү каалабайт. Экинчи орунда Талас облусу (10 миң адамдан 13ү), үчүнчүдө Ысык-Көл (10 миң адамдан 11и) турат.

Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Ош шаары менен Ош облусунда. Бул аймакта 10 миң адамдын үчөө гана эмдөөдөн баш тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0