Кыргызстанда койдун башы канчага жетти? Кызыктуу фактылар

Жазылуу
Кыргызстанда кой-эчкинин саны үй канаттууларына караганда көптүк кылат. Ушу тапта алар өлкө элинин санына барабар болуп калды.

Анын үстүнө кой баласы кыргыздын той-ашында, жакшылык-жамандыгына көп союлат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча кой-эчкинин кадыры кайсы бир убакта Кыргызстанда кыйла басаңдай түшкөн. Алсак, эгемендүүлүк алган маалда саны 10 миллион болсо, алты жылдын аралыгында 3,7 миллионго чейин азайып кеткен.

Бирок 2003-жылдан бери кой-эчкинин башы акырындап көбөйүп келе жатат. Ушу тапта саны 6 миллиондон ашты. Ошол эле маалда бир койдон алынчу жүн 2,4 килограммга азайып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0