Блин кантип жасалат — эң жөнөкөй рецепт

Жазылуу
Блин жегиңиз келип, бирок кантип жасоо керектигин билбей турсаңыз, биздин инфографиканын жардамы тиет.

Блиндер — Масленицанын негизги тамагы. Бул жыл майрам 12-18-февраль күндөрүнө туш келди. Блин даярдоонун эч бир машакаты жок. Ал үчүн чуңкур идишке эки жумуртка, үч чоң кашык шекер жана бир чымчым тузду салып аралаштыра баштайсыз. Ушул маалда аралашманын үстүнө кичине-кичинеден бир стакан сүт менен эки стакан унду кошосуз. Негизгиси бүдүр калбашы керек.

Андан соң пайда болгон ботконун үстүнө бир стакан кайнак суу менен 50 грамм өсүмдүк майын куясыз.

Блинди ысытылган сковородкага бышырып, муздай элек кезинде майлап коюу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0