Көр казуу, чач кыркуу. Кыргызстанда баасы кымбаттап кеткен кызматтар

Жазылуу
Мындан сырткары, майлап-сырдоо жумуштары, авиакаттам жана аялдардын көйнөгүн тигүү баасы жогорулаган

Кыргызстанда 2017-жылы кайсы кызматтарга баа жогорулаганын Улуттук статистикалык комитет аныктап, Sputnik рейтинг түзп чыкты.

Тизмедеги эң кымбат кызмат болуп майлап-сырдоо иштери табылды. Эгер бир жыл мурун дубалдардын сырдалган 10 чарчы метри үчүн 813 сом алынса, азыр 1060 сомдон бааланууда. Баа дээрлик 25 пайызга өскөн.

Телефон менен сүйлөшүүнүн мүнөтү кымбаттады: 3,3 сомдон 4 сомго көтөрүлгөн. Үчилтикти театр жыйынтыктайт. Орточо эсеп менен бир жолу театрга баруу 190 сомду түзүп, бир жыл мурункуга салыштырмалуу баа 17 пайызга жогорулаган.

Эконом класс менен чет мамлекетке учуунун наркы 16 пайызга кымбаттады. Орто эсеп менен миң чакырым аралыкты 3636 сомго учуп өтүүгө болот.

Кыргызстан соода-сатык кылган негизги 10 мамлекет - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан соода-сатык калган 10 өлкө: төрт жылда абал кандай өзгөрдү
Киного баруу орточо 30 сомго кымбаттап, эми тасма көрүү үчүн 202 сомдун тегерегиндеги акча төлөө керек. Ал эми санаторийдеги бир күндүк эс алуу 1,5 моң сомго бааланат.

Ашканадан тамактануу үчүн 332 сом керектелсе, туристтик саякаттын бир күнү 2840 сомго бааланып келет.

Аялдардын чачын кыркуу 40 сомго кымбаттады. Эми айымдар чач тарачка бир жолку барганы 429 сомду түзөт.

Жандыкка ийне сайдыруу 48 сом туруп, бир жыл мурункуга салыштырмалуу 8 пайызга кымбаттады. Ал эми көйнөк тиктирем десеңиз 1732 сом даярдаңыз. Жогорку окуу жайда окуунун бир айы 3,9 миң сомго бааланууда.

Бир чарчы метр дубалга кафель чаптоого 503 сом бересиз. Документке түшкөн сүрөт үчүн 95 сом даярдап коюңуз. Көр казуунун акысы алты пайызга кымбаттап, наркы 4809 сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0