Кайсы өлкөнүн жарандары 5 күндөн кийин каттоого туруу милдетинен бошотулат

Жазылуу
Өкмөт "Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жокторду Кыргызстандын аймагында каттоо маселеси жөнүндө" токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Анда чет мамлекеттердин жарандарын тийиштүү мамлекеттик органдарда катталуусун жокко чыгаруу каралган.

Кыргызстанга келген кайсы 90 чет мамлекеттин жарандарын беш күндүк мөөнөткө чейин өлкө аймагында каттоосу жок жүрүүгө боло турганын өкмөт 19-декабрда бекитет.

Эске салсак, 2016-жылы 5-октябрда Жогорку Кеңеш "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алган. Бул толуктоо Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Искендер Матраимов тарабынан демилгеленген. Анда Кыргызстанга беш күндөн көп мөөнөткө келген чет элдик жарандардын каттоого туруусу милдеттендирилген.

Толукталган мыйзамга ылайык тышкы миграция тармагында ыкчам аракеттерди кабыл алуу үчүн өкмөттүн укуктары кеңейтилген. Өкмөт "Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жокторду Кыргызстандын аймагында каттоо маселеси жөнүндө" токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Анда кайсы мамлекеттердин жарандарын тийиштүү мамлекеттик органдарда катталуусун жокко чыгаруу каралган. Ага ылайык, 90 мамлекеттин тизмеси аныкталып, жарандардын каттоого туруу милдети алынып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0