КРдин карызы: кимге 625 доллар бересе экениңизди билип алыңыз

Жазылуу
1992-жылы Кыргызстандын беш миллионго жетпеген карызы болгон.

Октябрдын башында финансы министри Адылбек Касымалиев Россия жыл сайын Кыргызстандын карызын 30 миллион доллардан кечип турмай болгонун айтып чыкты.

Бүгүнкү күнгө карата мамлекет Россияга 270 миллион доллар карыз. Ал эми башка насыя берүүчүлөргө болгон карызы 3,7 миллиард доллардан ашат. Аны бүтүндөй кыргызстандыктарга (наристеден карыяга чейин) бөлгөндө 625 доллардан тиет.  

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Улуттук статистикалык комитет менен Каржы министрлигинин маалыматтарына таянып, 24 жыл ичинде карыздын көлөмү кандайча өзгөргөндүгүн жана аны кимге төлөө керек экенин иликтеп көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0