06:12 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Инфографика

Үйлөнүү тою быйыл Кыргызстанда канчага бааланууда

Кыскача шилтеме алуу
774482

Өлкөдө той-аш күчөп, үйлөнүү үлпөттөрү "жар-жарлап" турган кез. Sputnik Кыргызстан үйлөнүү тоюн уюштуруп, кыз-күйөөнүн азем кийимине канча акча керектеле турганын эсептеп чыкты. Андан тышкары, ресторанда банкетке жана меймандар үчүн оюн-тамаша программасына канча кетерин өз алдынча санаганыңызга ыңгайлуу болгудай атайын калькулятор иштеп чыкты.

Кыргыз бүлөсүндө үйлөнүү тою кызды узатуунун уландысы болуп эсептелет. Той күйөөнүн үйүндө да, кафе-ресторанда да өтөт. Үйдө анын тууган-туушкандары, жакындары, достору чогулуп, эки жашка бата берилет. 

Азыркы кыргыз тою салттык үйлөнүү тоюнан анча айырмаланбайт. Башкы өзгөрүүлөр заманбап мүмкүнчүлүктөргө байланышкан. Мисалы, эгер той аземин мурда ак өргөдө гана өткөрүп келишсе, эми меймандарды ресторанга чакырып коноктоо адат болуп алган. Каада-салттарды сөзсүз сактоо жагынан да айырма бар. Бирок эң башкы эреже — эки жаш баш кошкондо чоң той берүү өзгөрүүсүз калды. 

Үйлөнүү үлпөттөр күч алып турган мезгилде Sputnik Кыргызстан 200 адамдык салтанатты уюштурууга сарпталчу негизги чыгымдарды тизмектеп, алардын орточо эсебин чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстанда үйлөнүү тоюна 694 миң 550 сом кетет экен. 

Мындан тышкары, редакция чакырылган элдин санына жараша үйлөнүү аземинин наркын эсептөө үчүн калькулятор иштеп чыкты.


Белгилер:
калькулятор, азем буюм, той, салтанат, үйлөнүү, баалар, Кыргызстан

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 17:24 14.10.2019
    17:24 14.10.2019

    Кыргызстанда канча улуттун өкүлдөрү жашайт

    Кыргызстанда жашаган ар бир төрт жарандын үчөөнүн улуту кыргыз. Дагы 15 пайызы өзбектер. Үчүнчү орунда орустар турат — жалпы калктын беш пайызын түзөт.

    205
  • Акыркы жаңылоо: 18:00 11.10.2019
    18:00 11.10.2019

    Канчадан: 11-октябрга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Жалал-Абад шаарларынын базарларына баам салып көрдүк.

    56
  • Акыркы жаңылоо: 15:54 10.10.2019
    15:54 10.10.2019

    Кыргызстанда суроо-талап күч пластикалык операциялардын рейтинги

    Sputnik агенттиги өлкөдө кайсы пластикалык операцияларга талап жогору экендигин билди. Ошондой эле сырткы келбетти өзгөртүү боюнча процедуралар канча турарын сураштырды. Маалыматтар ачык булактардан алынды.

    393
  • Акыркы жаңылоо: 17:08 07.10.2019
    17:08 07.10.2019

    Кыргызстанда сиз курактуу канча аял-эркек бар? Инфографика

    Кыргызстанда статистика боюнча 10 кызга 9 бала эмес, 10 бала туура келет. Тагыраагы, өлкөдө кыздар менен балдардын саны тең эле. Негизи эркек балдар кыздарга караганда көп төрөлөт, бирок 30 жашка чейин саны теңелип калат.

    1987

ЭҢ МААНИЛҮҮ