Кыргызстанга аттанганда: кантип виза алып, турак жай тандаса болот

Жазылуу
2016-туристтик сезон күчүнө кирип турган кези. Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстанда ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу үчүн пайдалуу кеңештерди камтыган инфографика даярдады. Өлкөгө биринчи жолу келе тургандар үчүн кыргыз туризми жөнүндө маанилүү сандар менен фактылар да берилет.

2015-жылы Кыргызстанга акыркы он жыл ичиндеги эң көп туристтер – дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 1 миллион 265 миң адам келген. 

Кыргызстандыктар визасы жок кайсы өлкөлөргө бара алат
Эс алуу үчүн эң популярдуу болуп Ысык-Көлдүн курорттук аймагы, Сары-Челек коругу жана көлү, Соң-Көлдүн жайлоосу жана Оштогу Сулайман-Тоо менен Бишкектин жанындагы Бурана сыяктуу тарыхый жерлер эсептелет. 

Sputnik инфографикасынан Кыргызстанда ыңгайлуу жана коопсуз эс алуунун сырларын билип, пайдалуу кеп-кеңештерди жана өлкөдө жүрүү эрежелери жөнүндө көп берилчү суроолорго жооп табасыз. 

Туристтик жайлар туурасында көбүрөөк билип, жүрүш багытыңызды түзүп жана эс алуунун баасын эсептөөгө Sputnik агенттигинин "Кыргызстанга саякат" лонгриди жардам берет>>

Жаңылыктар түрмөгү
0