Кыргызстандагы жаңы биометрикалык паспорт кандай болот

Жазылуу
Эмдиги жылдын башынан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жаңы биометрикалык паспорт берүүнү пландап жатат.

Документтин жасалгасы кийинки жумада сунушталат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаңы паспорттун дизайнын биринчилерден болуп көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Мамлекеттик каттоо кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигинин дизайнери жасаган үлгү менен жакында бет ачары боло турчу поспорт 90 пайызга окшош экенин айтат.

Жаңы паспорт мурдагылардан микро чиптин болушу менен айырмаланат. Чипте биометрикалык маалымат (бармак издери), айдоочулук күбөлүк, пенсия китепче, банк эсеби, медициналык китепче, үй-бүлөлүк абалы жана кайсыл жерде жашаганы тууралуу маалыматтар электрондук түрдө сакталат. Каалоочулар өзүнүн улутун дагы коштуруп алса болот.

Жаңы паспорт көгүш өңдө болуп, негизги бетине Кыргызстандын картасы түшүрүлөт, экинчи бетинде ак кар баскан тоолордун сүрөтү түшүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0