Күйүүчү майдын Кыргызстанда жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндөгү баасы

Жазылуу
Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баалары төмөндөй баштады. Импорттон толук көз карандуулукка карабай, бизде бул продукциялардын наркы башка өлкөлөргө караганда бир топ төмөн.

1-январдан тартып КРде күйүүчү майдын баасы бир нече жолу түшүп, бензиндин түрлөрү 1-4 сомго арзандады. Арзандоо дагы уланат. Эксперттин пикиринде, баа дагы 6 сомго түшүп, ал эми Токмок менен Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор ишке кире турган болсо, андан да көп төмөндөйт. Кыргызстандыктар эбактан бери көрө элек бир литри 20 сом деген баалар пайда болушу толук мүмкүн. Sputnik Кыргызстан редакциясы ата мекендик рыноктогу күйүүчү майдын наркын Евразиялык экономикалык биримдикке кирген, Борбордук Азия, АКШ, Европа өлкөлөрдөгү жана мунай чыгаруу боюнча алдыңкы мамлекеттердеги баалар менен салыштырып керүүнү чечти. 

Кыргызстанды кошкондор бардыгы болуп 13 өлкө байкоого алынып, алардын ичинде биздин республика ортодо турат экен. Бензиндин 25-январга карата орточо баасын алсак, Сауд Аравиясында, Кувейтте, Россияда, Казакстанда жана Түркмөнстанда, башкача айтканда, мунайга ээлик кылуучу өлкөлөрдө унааңа май куйсаң азанга түшөт экен. 

Унаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акенеев: жайга чейин күйүүчү май 6 сомго арзандашы мүмкүн
Ошону менен катар, бензиндин баасы төмөндөп, АКШнын айрым шаарларында, алсак, Хоутондо ал 12 центке кыскарганына карабай, өлкө боюнча орточо баасы баары бир Кыргызстанга салыштырмалуу жогору. 

Дизелдик май боюнча абал да ошондой эле. Салыштыруу өлкөлөр ортосунда гана эмес, бир жыл мурунку – 2015-жылдын 19-январындагы баалардын ортосунда да жүргүзүлдү.

Бир топ арзандыгына карабастан, автоунаага май куюу кыргызстандык үчүн чоң чыгым: америкалыктын орточо маянасы 4 миң доллардан жогору болсо, Кыргызстанда 200дөн кем. 

GlobalPetrolPrices.com. сайтынын рейтингине ылайык, Кыргызстан бензин эң арзан жыйырма өлкөнүн катарына кирет. Бул 2015-жылдын 12-октябрынан быйылкы жылдын 18-январына чейин алганда. Аталган мезгил аралыгында КРде майдын бир литринин орточо баасы 0,55 долларды түзгөн. Салыштырсак, ошол эле мезгилде дүйнө боюнча күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 1,20 доллар болгон.

181 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 18-орунда турат. Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн катарында, Евразиялык экономикалык биримдик мамлекеттеринин тизмесиндей эле үчүнчү орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0