Машиналардын жаңы номери кандай болот

Жазылуу
2016-жылдын мартынан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаа ээлерине жаңы номерлерди бере баштайт. Номерде жаңы блоктор пайда болуп, сандар менен тамгалардын айкашы өзгөрөт.

Алсак, эми Кыргызстандын аймактары тамга эмес, сан менен белгиленет.

Жеке номерлерде адаттагыдай тамга — төрт сан — тамга эмес, үч сан — үч тамга болот.

Номерде мурдагыдай эле мамлекеттик желек жана Кыргызстандын эл аралык коду — KG болот.

Автоунаа номеринин баасы өзгөрбөйт. Азыр бир унаага керектүү эки номер 1100 сом турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0