Кыргызстан менен Иордания командаларынын баштапкы курамы

Жазылуу
Sputnik маалымат агенттиги Кыргызстан менен Иордания командаларынын баштапкы курамы менен окурмандарын тааныштырат. Эки команда 2018-жылы Россияда боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешүүдө.

Оюн кечки саат 8.00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Кыргызстандыктар ак кийим кийип ойносо, атаандашы иорданиялыктар — кызыл кийим кийип чыгат. Оюнга Түркмөнстан менен Өзбекстандын арбитрлери калыстык кылат.

Буга чейин эки команда сентябрь айында Иорданияда беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктаган.

Кыргызстандын курама командасын Александр Крестинин машыктырса, иорданиялыктарды Пол Пут машыктырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0