Парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү

Жазылуу
Шайлоонун жүрүшү жана өлкөнүн облустарында добуш берүүнүн пайыз саны боюнча маалыматты үзгүлтүксүз жаңыланып туруучу Sputnik инфографикасынан карасаңыз болот.

Шайлоонун жыйынтыктарын эсептөө. - Sputnik Кыргызстан
Биринчи үчтүккө КСДП, "Республика Ата-Журт" жана "Кыргызстан" партиялары чыкты
Жекшембиде Кыргызстанда парламенттик шайлоо жүрүп жатат. Депутаттык мандаттар үчүн 14 партия ат салышууда.

Өлкөдө 2 374 шайлоо участогу иштеп, дагы 36сы чет мамлекеттерде ачылган. 

Добуш берүүгө биометрикалык маалыматтарын тапшырган эки миллион 761 миң 269 шайлоочу катыша алат.

КРдин жарандары ID-карта, жалпы жарандык паспорт жана 1994-жылкы үлгүдөгү, ПИН-коду бар паспорт менен добуш берсе болот. Жарандар башка документтер менен шайлоого катыша алышпайт.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0