Кыргызстандык окуучуну мектепке даярдоо канча турат

Жазылуу
Окуу куралдары менен мектеп формасынын бааларына карата баяндама.

Sputnik кабарчысы борбор калаанын базарларын кыдырып, баланы мектепке даярдоо бүгүн канчага турарын билип кайтты. 

Окуу куралдарынын баалары былтыркыга караганда анча өзгөрбөптүр. Ал эми ар түрдүү арзандатуулардын аркасы менен бут кийим менен кийимди да салыштырмалуу арзан сатып алса болот экен. Бул рыноктордо товарлардын жык толушуна байланыштуу.

Министрлик: окуучулар мектеп формасын кийүүгө милдеттүү, бирок мажбурлоо жок
Сатуучулардын айтымына караганда, башында окуучу кыздардын көйнөктөрү менен костюмдар казакстандык жана россиялык сатып алуучуларга эсептелип алып келинген. Бирок бажы тосмолору кеч алынгандыктан, эми сезондук товарлардан арылуу керек болуп жатат. 

Арзандатуулар билим берүү министрлиги бекиткен мектеп формаларына да тийиштүү. Себеби министрлик кийинчерээк ата-энелерге баланын кийимин өз алдынча тандоого уруксат бергендиктен, кочкул кызыл түстөгү пиджактар менен боз шымдарга суроо-талап кескин кыскарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0