Калктын санынын өсүшү жагынан ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери жана эң артта тургандар

Жазылуу
Евростаттын маалыматына ылайык, Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө жана "эски" Европанын салыштырмалуу жарды өлкөлөрүндө (Португалия, Греция) калктын саны кыскарып баратат. Ошол эле учурда ЕБдин Франция, Швейцария, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрү үчүн калктын азайышына байланышкан коркунучтар жок.

Калктын саны миграцияга жана табигый өсүш-азайышына жараша болот. 2015-жылдагы Европа калкынын санын жана 2030-жылга карата божомолдоолорун жарыялады. Анда Евростаттын маалыматтары миграция экономикалык жактан абалы начар өлкөлөрдөн бейкут өлкөлөргө карай жүрүп жатканын күбөлөйт. Калкынын кыскарышы жагынан 2030-жылы Литва (- 24%), Латвия (- 18%) жана Болгария (- 10%) эң алдыда болот. Греция менен Португалияда калктын санынын азайышы 8% жана 6% болуп, азыртан эле бул өлкөлөрдүн экономикасына кесепетин тийгизүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0