ЕБдин аскер күчтөрүн түзүү зарылчылыгы жөнүндө европалыктардын пикири

Жазылуу
Сурамжылоо 2015-жылдын 1-4-май күндөрү Sputnik агенттиги үчүн ICM Research компаниясы тарабынан Улуу Британия, Франция жана Германияда жүргүзүлгөн.

Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу үчүн англиялык ICM Research изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлгөн кезектеги сурамжылоосунун маалыматына ылайык, иш-чарага катышкандардын үчтөн бири НАТО күчтөрүнө ишенбей, Европа биримдиги өзүнүн аскерин түзүшү керек деп эсептейт.

"Европа биримдиги кызыкчылыгын коргоо үчүн өзүнүн жеке аскерине ээ болушу керекпи же Европа өлкөлөрүн НАТО аскерлери коргойбу?" деген суроого сурамжылангандардын 28 пайызы өз аскеринин түзүлүшү зарыл экенин билдирген.

Мамлекетти жеке аскери коргошу керек дегендердин көбү — француздар (37 пайыз). Германиядан (47 пайыз) жана Улуу Британиядан (48 пайыз) сурамжылоого катышкандардын теңи аталган мамлекеттерде НАТО күчтөрү болушу керек деп эсептейт. Ошол эле убакта өлкөнүн өз аскери болушу керек деген германиялыктардын саны 36 пайызды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0