Жыл башынан бери мигранттардын акча которуулары кыскарды

Жазылуу
Улуттук банк мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары төмөндөп бара жатканын белгилейт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 37 пайызга кыскарган.

Алсак, 2014-жылдын алгачкы төрт айында мигранттар Россиядан 574,7 миллион доллар салышкан. Ал эми үстүдөгү жылдын ошол эле мезгил аралыгында бул көрсөткүч 407,4 миллион долларды түзгөн. 


Жаңылыктар түрмөгү
0