Оппозициялык партиялардын популярдуу болушуна себептер жөнүндө европалыктардын пикири

Жазылуу
Британиянын ICM Research агенттиги тарабынан Улуу Британияда, Францияда жана Испанияда Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу үчүн жүргүзүлгөн "Sputnik.Пикирлер" сурамжылоосунун натыйжаларына ылайык, респонденттер европада оппозициялык партиялардын популярдуу болушуна үч себепти аташкан.

"Улуу Британиядагы UKIP, Франциянын "Улуттук фронт" жана Испаниядагы Podemos* сыяктуу оңчулдар партиялары улам популярдуу болуп бара жатышына эмнелер себеп деп ойлойсуз?" деген суроого британиялыктардын жарымынан көбү (53 пайыз) жана француздардын дээрлик үчтөн бири (30 пайыз) оппозициялык партиялар ЕБден көңүл калуулардын натыйжасында популярдуу болууда деген ишеничин билдирген. Экономикадагы мүчүлүштүктөрдү буга себеп катары француздар менен испаниялыктардын 44 пайызы атаган. 

Социалдык реформалар зарыл экендигин Испанияда жашоочулардын жарымына жакыны (49 пайыз) белгилейт. Ошондой эле бул өлкөнүн 55 пайыз тургуну аткарылбай калган куру убадалар оппозициялык партиялардын күч алышына себеп болду деп эсептейт. Респонденттердин жалпы санынан 10 пайызы "билбейм" деп жана 11 пайызы "башка" жооп беришкен.

Сурамжылоо ICM Research агенттиги тарабынан Sputnik жаңылыктар агенттиги үчүн 2015-жылдын 1-майынан 4-майына чейин Улуу Британияда, Францияда жана Испанияда жүргүзүлгөн. Ар бир өлкө боюнча сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. 

Ишенимдүүлүктүн 95% мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1%ды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0