Европалыктар "Түштүк агымды" токтотуу чечимин кандай баалашат

Жазылуу
"Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер декабрь айында "Түштүк агым" долбоору жабыла турганын былтыр декабрь айында билдирген. Бул чечимди долбоорго мүчө-мамлекеттер – Болгария, Австрия жана Сербия мамлекетинин тургундары кандай баалай турганын инфографикадан караңыз.

Новак: РФ "Түштүк агымынан" баш тартууну биротоло чечти
"Түштүк агым" – газ куур долбоору европалык колдонуучуларга газ жеткирүүнү максатында иштелип чыккан. Анын маршрутунун акыркы варианты боюнча Кара деңизден өткөн газ кууру Болгария аркылуу чыгып, андан ары Сербияга жана Европанын башка мамлекеттерине тарамак. Газ куурунун бир тармагы Венгрия аркылуу Австрияга, экинчиси – Венгрия жана Словения аркылуу Италияга кетмек.

2014-жылы Европарламент долбоорду жабууга аракет кылган. Мындай аракетин алар бир эле компаниянын жаратылыш газын чыгарып жана аны жеткирүүгө тыюу салган Үчүнчү энергепакеттин нормаларына туура келбейт деп негиздешкен. Россия өз кезегинде газ кууру боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлганына көңүл буруп, бул келишимге энергопакетке чейин эле кол коюлганын белгилешкен.

Жыйынтыгында "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер "Түштүк агым" долбоорунун жабыла турганын билдирген. Бирок, ал Европа жаратылыш газы жок калбай турганын белгилеген. "Газпром" менен түрктөрдүн BOTAS компаниясы бир жылдык кубаты 63 миллиард кубометр газды түзгөн жаңы меморандумга кол коюшкан. Газ кууру боюнча жаңы долбоор Кара деңиз аркылуу өтөт. Бериле турчу газдын 14 миллиарды Түркия үчүн каралган, калган 50 миллиарддай кубометр газ Түркия менен Грециянын чек араларына чейин жеткирилет.


Жаңылыктар түрмөгү
0