Америкалыктарды ким коргойт: АКШ тургундарын сурамжылоо

Жазылуу
Sputnik агенттигинин тапшырмасы боюнча ICM Research компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжаларына ылайык, 33 пайызга жакын афроамерикалыктар полициянын ишин натыйжалуу деп эсептейт. Изилдөө натыйжалары боюнча кененирээк Sputnik инфограцикасынан таанышыңыз.

Sputnik агенттигинин тапшырмасы боюнча ICM Research компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжаларына ылайык, афроамерикалыктардын 33 пайызга жакын гана полициянын ишин натыйжалуу деп эсептейт. Кошмо Штаттардын ак түстүү калкынын арасында тартип сакчыларына карата ишеним 17%га жогору. Полициянын кызматына Азиядан келип чыккан америкалыктар баарынан ыраазы — алардын ичинен сурамжылангандардын 55 пайызы укук коргоо органдарды аларды баарынан жакшы коргойт деп жооп беришкен.

Афроамерикалыктар Америка калкынын ичинен "Сак кошуна" программасын баарынан көп колдойт (19% жалпы өлкө боюнча 7%га каршы). Аталган программада өз аймагында тартип орнотууда жергиликтүү тургундардын активдүү жардам көрсөтүүсү каралган. Курал-жарак алып жүрүүгө жана үйүндө кармоого уруксат берүү жөнүндөгү АКШнын Конституциясына киргизилген экинчи оңдоого ылайык, жеке куралды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бул расанын өкүлдөрү анча ишенбейт — ага болгону сурамжылоого катышкандардын 16%ы гана таянат.


Жаңылыктар түрмөгү
0