Расалык көйгөй бар экендигин америкалыктар моюнга алабы

Жазылуу
Sputnik агенттигинин өтүнүчү менен ICM Research компаниясы тарабынан 2014-жылдын 5-17-декабрында АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, АКШнын тургундарынын дээрлик 70%ы расалар жана улуттар аралык келишпестиктер бүгүнкү күндө америкалык коомдун эң курч көйгөйлөрүнүн бири деп эсептейт.

Полициянын африкалык-америкалыктарга каршы аша чапкан аракеттерине каршы, айрым учурда баш-аламандыкка чейин барган массалык нааразылыктар 2014-жылдын декабрында АКШнын көптөгөн штаттарында өткөн. Ага Фергюсон шаарында (Миссури штаты) август айында кара түстүү Майкл Браун аттуу жаш баланы аткандыгы үчүн полиция кызматкери Даррен Уилсонду жазага тартпоо жөнүндө сот арачыларынын чечими түрткү болгон.

РИАнын Эл аралык коопсуздук маселелер боюнча институтунун алдыңкы илимий кызматкери Алексей Фененко элдин нааразылыгы бир нече жылдан бери топтолуп келе жаткан деп эсептейт. "Акыркы 40 жылда расалык маселе жок деп сыртынан айтылып келген жана “раса” деген сөз өзү Америкада дээрлик колдонулган эмес. (…) Кайсы бир мезгилде бул көйгөй сыртка чыга баштады. Азыр Фергюсондо да, Нью-Йоркто да болуп жаткандар — дарттын белгилери", — деп эсептейт Фененко.

Ал азыркы толкундоолор эмне менен бүтпөсүн, "бул дартты айыктырбайт, ал баары бир ичинен күчөй берет" деди.

Жаңылыктар түрмөгү
0