Балатыны үй шартында сактоо жолдору

Жазылуу
15-декабрдан тартып Бишкекте Ахунбаев жана Курманжан датка (мурдагы Алма-Ата) көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган балаты базары иштей баштады. Балаты өз көркүн узакка сактап, куурап калбашы үчүн бир нече жөнөкөй кеңештерди эске алса болот. Кененирээк — Sputnikтин инфографикасында.

Балатыны сатып алгандан кийин, аны дароо жылуу жайга алып кирүүгө шашпаңыз. Ал короодо же башка салкын жайда бир аз тура турсун. Бирок балаты бөлмөгө киргенден кийин да аны кооздогонго шашпаңыз: бутактары жакшы жазылганча күтүү керек. Оюнчуктарды алып чыгардан мурда, балатынын жансыз ийнелерин күбүп салуу үчүн тигинен кармап, сөңгөгүн полго жакшылап ургулаңыз. Эми эң башкы эрежелердин бири: балатыны жылуулук берчү батареяга жакын койбоңуз, антпесе ал жаңы жылдык майрамдар аяктаганга чейин чыдабай, куурап калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0