10:12 24 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Инфографика

Нацизмди даңазалоого каршы күрөшүү боюнча резолюцияга БУУнун добушу

Кыскача шилтеме алуу
25 0 0
Героизация нацизма (кырг)

БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитетинде нацизмди даңазалоого каршы күрөш жөнүндө резолюция кабыл алынды. Бул резолюцияны кайсы өлкөлөр колдогонун, кимдер каршы добуш берип жана кимдер калыс пикирде калышканын Sputnik жасаган инфографикадан тааныша аласыздар.

БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитети нацизмди даңазалоого, расалык кемсинтүүчүлүккө, ксенофобияга каршы күрөш жөнүндө резолюцияны кабыл алды. БУУга мүчө 193 өлкөнүн 115и резолюцияны колдоп добуш беришти. Үч мамлекет —АКШ, Украина жана Канада — бул резолюцияга каршы болушту. Ал эми дагы 55 өлкө, анын ичинде Европа биримдигинин мүчөлөрү, добуш берүүдө калыс пикирде калышты.

Резолюцияда БУУнун Башкы ассамблеясынын мүчөлөрү "нацисттик кыймылды, неонацизмди жана "Ваффен СС" уюмунун мурдагы мүчөлөрүн бардык түрдө, анын ичинде эстеликтерди тургузуу жана ачык демонстрацияларды уюштуруу жолу менен даңазалоолорго терең тынчсызданууларын" билдиришет.

Андан сырткары, документте фашизмге колдоо көрсөткөндөрдүн улуттук-боштондук кыймылынын катышуучулары деп жарыяланышы жана Холокостту тануучулук сынга алынат. Резолюция "дүйнө боюнча расисттик маанайдагы окуялардын болуп жатышын, анын ичинде аталган окуялардын көпчүлүгүнө, о.э. расисттик жана ксенофобиялык негиздеги зомбулуктардын күч алышына жооптуу болгон "такыр баштардын" топторунун жанданышын тынчсыздануу менен белгилейт".

Россиянын Тышкы иштер министрлиги аталган резолюциянын кабыл алынышы "акыркы кездерде көбөйүп кеткен нацизмди даңазалоо аракеттерине каршы эң чечкиндүү чараларды көрүү зарылчылыгы эбак пайда болгон өлкөлөргө ачык-айкын белги болот" деп ишенет.

Тема боюнча

Украина жана АКШ Россиянын неонацизмге каршы резолюциясын колдободу
Белгилер:
Нацизм, Инфографика, БУУ, Ваффен СС

  • Кыргыздын ат жабдыктары. Ээр-токум
    Акыркы жаңылоо: 10:08 21.02.2017
    10:08 21.02.2017

    Ат кантип токулат? Ээр-токум: ноктодон тарта камчыга чейин

    Кыргыз ат жандуу калк экендигин эч ким танбайт. Күлүктөн күлүк тандап минген көчмөн элдин миңдеген жыл мурдагы жашоосу жылкы менен тыгыз байланышкан. Төмөндө Sputnik Кыргызстан ээр-токум, ат жабдыктары, жылкы баласы туурасында инфографиканы сунуштайт.

    4782
  • 10-февралдан 17-февралга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 16:59 17.02.2017
    16:59 17.02.2017

    Канчадан? 10-февралдан 17-февралга чейинки азык-түлүктүн баасы

    Бишкек жана Каракол шаарларында азык-түлүктүн баасы канчадан болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз.

    121
  • Бишкекте баланы ар тараптан өнүктүргөн борборлор, мектептер. Даректери
    Акыркы жаңылоо: 16:59 14.02.2017
    16:59 14.02.2017

    Бишкекте баланы ар тараптан өнүктүргөн борборлор

    Баланын тили чыгып, дүйнө таанымы калыптанып калгандан тарта аны ар түрдүү ийримдерге берип, тил үйрөтүү заман талабы болуп калды. Айрым окуучу балдар мектептен чыккандан кийин эмне менен алектенерин билбей, жаман жолдорго барып же интернет менен чектелип калышууда.

    426
  • 3-февралдан 10-февралга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 17:07 10.02.2017
    17:07 10.02.2017

    Канчадан? 3-февралдан 10-февралга чейинки азык-түлүктүн баасы

    Бишкек жана Талас шаарларында азык-түлүктүн баасы канчадан болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз.

    111