"Ислам мамлекети" террористтик тобу

Жазылуу
"Ислам мамлекети" террористтик тобу Ирак менен Сириянын өз көзөмөлүндөгү жерлеринде халифат түзүлгөндүгү жөнүндө билдирди. New York Times-тын маалыматына караганда, согушчандарды жок кылуу боюнчаАКШны иш-аракеттери үч баскычтан турат.

Июндун аягында "Ислам мамлекети" тобунун (мурда "Ирактын жана Левантанын ислам мамлекети" деп аталган топтун)  согушчандары  Ирак менен Сириянын өз көзөмөлүндөгү жерлеринде ислам халифаты түзүлгөндүгү жөнүндө билдирди. Дүйнө тарабынан таанылбаган бул түзүлүшкө экстремисттердин лидери Абдалла Ибрагим ас-Самараи – о.э. Абу Бакр аль-Багдади деген ат менен белгилүү – башчылык кылат. Акыркы айларда исламисттер бир катар калк отурукташкан жерлерди басып алышты жана Ирак аскерлеринин ээлеген жерлерин чабуулдарды улантууга ниеттенишүудө. Алар бардык мусулмандарды жаңы халифатка берилгендик антын берүүгө чакырышты.

New York Times гезитинин маалыматына караганда, "Ислам амлекети" тобун жок кылуу боюнча АКШнын аскердик иш-аракети үч баскычтан туруп, жана үч жылдан кем эмес убакытты алат. Биринчи баскычы эмитен эле башталган. Ал террористтердин күчтөрүнө абадан сокку уруудан турат. Экинчи баскычы ирак жана курд куралдуу күчтөрүн, о.э., балким, суннит урууларынын өкүлдөрүн машыктырууга, аскердик кийим менен жабдууга багытталат. Үчүнчү жана саясий жактан эң бир жактуу эмес, о.э. кыязы, ишке ашырылышы эмки администрациянын мойнуна жүктөлө турган баскычы согушчандардын армиясын Сириядагы баш калкалаган жерлеринде жок кылууну болжойт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0