Өзгөндө Daewoo Tico унаасы сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Сүрөт

© Фото / Pixabay/ ergeЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Жаракат алган эки киши Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгондордун сөөгүн туугандары алып кеткен.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба МЧСОш облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду
ДТП с двумя погибшими в Узгенском районе  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ош облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-ноябрда, болгон. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, эки адам ар кандай жаракат алышкан. Учурда аты-жөнү такталууда.
Жаракат алган адамдар Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон кишилердин сөөгүн туугандары алып кеткен.
Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, унааны сайдан чыгарышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0