3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКармалган киши. Архив
Кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Эсеп палатасынын аудитору менен инспекторуна Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Эсеп палатасынын айрым кызматкерлери "Эйр Кыргызстан" компаниясынын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мамлекетке келтирилген 3 160 903 доллар өлчөмүндөгү зыянды атайылап жашырган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү болгон "Эйр Кыргызстан" ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталган.
"Ошол эле учурда Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 доллар өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Эсеп палатасынын аудитору С.З. жана О.Ж. аттуу инспекторуна Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон", — деп билдиришти аталган комитеттен.
Миң сомдук купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Өкмөт коррупцияны ачыктаган адамга 1 млн. сомго чейин сый акы берүүнү чечти
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралганы айтылды.
Тергөө амалдары жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилери кабарланган.
"Алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи" деп айтылат таратылган маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0