Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ПС ГКНБ КРӨзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бара жаткандар
Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бара жаткандар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Шектүүлөр беш коробкага салынган 380 таңгак дары-дармекти аткезчилик жол менен алып чыгып баратканы айтылды.
БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
© Фото / пресс-служба ПС ГКНБ КРКыргызстандан Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды
Задержание контрабандистов перевозящих лекарства в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандан Өзбекстанга дары-дармекти мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды
Жүк жүктөлгөн автоунааны 24-ноябрда Айдаркен чек ара отрядынын жана УКМКнын кызматкерлери колго түшүргөн.
"Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунан Chevrolet Spark үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Анын ичинде Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары болгон. Алар аткезчилик жол менен беш коробкага салынган 380 таңгак дары-дармекти алып чыгып баратышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган жарандар менен жүк тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0