Мэрия: Бишкекте өрт кырсыгы жана андан каза болгондордун саны өсүүдө

© Фото / пресс-служба МЧСӨрт болгон жерде ӨКМдин кызматкерлери. Архив
Өрт болгон жерде ӨКМдин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Өрттүн чыгышына электр жабдууларын, меш жана морлорду туура эмес пайдалануу, ошондой эле тамекинин калдыгын башаламан ыргытуу себеп болору белгиленди.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкекте өрт кырсыгы жана анын кесепетинен каза болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Өрттүн чыгышына электр жабдууларын, мештерди жана морлорду пайдалануу эрежелерин бузуу, ошондой эле тамекинин калдыгын башаламан ыргытуу сыяктуу көрүнүштөр себеп болору белгиленди.
"Быйыл өрт кырсыгынан беш киши көз жумган (өткөн жылы үчөө), сегиз киши жапа чеккен (былтыр алты адам). 2021-жылдын тогуз айында Бишкек шаарында 406 өрт чыккан. Өткөн жылы 313 учур катталган болчу", — деп айтылат маалыматта.
Өрт кырсыгынын көбөйүшүнө байланыштуу ӨКМдин кызматкерлери тарабынан базарларда, май куюучу жайларда жана ТЭЦте жалпысынан 16 тактикалык өрткө каршы машыгуулар жана окутуулар өткөрүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0