COVID: үч бейтап көз жумуп, 53 адам ооруду. 21-ноябрдын маалыматы

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЛечение больных с Covid-19 в больнице скорой помощи в Волгограде
Лечение больных с Covid-19 в больнице скорой помощи в Волгограде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп, стационарда 474 жана амбулатордук шартта 661 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Оору менен алышып жаткан 73 адам айыгып кеткен.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 23;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 6.
Жашылча менен куурулган тоок. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Коронавирустан кийин кайсы азыктарды көп жеш керек? Дарыгердин кеңеши
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 833 адамга жетти. Анын ичинен 177 442 киши дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алып, аны кошкондо өлкөдө жалпы 2 723 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта стационарда 474, ал эми амбулатордук шартта 661 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн суткада эмдөөдөн 7155 киши өттү, анын ичинен 3 338и биринчи дозаны, 3 817 киши экинчи компонентти алган. Ал эми жалпылап эсептегенде, биринчи дозаны алгандардын саны 1 070 464кө, экинчи дозаны сайдыргандардын саны 851 071ге жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0