Капотко чап жармашкан, сүйрөлгөн, жөөлөнгөн милиционерлер. Видео топтом

© Sputnik / Жоомарт УраимовКапотту кармаган киши. Иллюстративдик сүрөт
Капотту кармаган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Бишкекте такси кызматынын айдоочусу Милициянын патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кетип, ага иш козголду.
Мындай окуя өлкөдө биринчи ирет катталып жаткан жок. Буга чейин дагы бир нече инспектор айдоочунун капотунда калган. Айрымдарына иш козголсо, кээ бири из жашырып кеткен. Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдү эстеди.

Автоунаанын капотуна чап жабышкан инспектор

2016-жылдын 1-январында ордо калаада BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жол кайгуул кызматынын инспекторун капотко жаткырган боюнча айдап кеткен. Анын видеосун интернет-колдонуучулардын бири YouTube каналына жарыялаган.
Анда көрүнүп тургандай, инспектор унаанын капотуна чап жармашып, айдоочу аны бир топ жерге чейин сүйрөп барган. Жыйынтыгында милиция кызматкери ооруканага түшүп, 23 жаштагы айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 340 жана 28-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бир айда үч жолу капот үстүндө калган инспекторлор

2017-жылдын март айында инспекторду капотко жабыштырып айдап кеткен учурдан бир эмес үчөө катары менен катталган. Анын бири Жибек Жолу проспектиндеги Батыш автобекетинин аймагында болгон. Анда Volvo S 40 үлгүсүндөгү автоунаа милиция кызматкерин капотуна жаткырган боюнча айдап кеткен
Кийин айдоочунун автоунаасы жана өзү табылган

Инспекторду автоунаасы менен жөөлөгөн айдоочу аял

Бул окуя дагы Бишкекте болгон. Анда Айтматов проспекти менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде Lexus үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 43 жаштагы аял автоунаасы менен инспекторду 15-20 метрге чейин түртүп барган. Айдоочуну башка киши унаасы менен алдын тороп токтотуп калбаганда, балким, бул инспектор да капот үстүндө болмок.
ЖКККББ билдиргендей, аял административдик протоколго кол койгондон баш тартып, аны алып, андан кийин кетип калууга аракет кылган.

Автоунаага сүйрөлүп, жерге жыгылган милиционер

Былтыр карантин учурунда апрелде Бишкектеги санитардык-карантиндик постто турган Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун унаа сүзүп кеткен.
Кадрдан унаа жүрүп баратканда милиционердин капотко сүйрөлүп баратканын көрүүгө болот. Бир аз убакыттан кийин жерге кулаган. Инспектор ооруканага жеткирилип, айдоочу кийин укук коргоо органдарына өзү келген.

Инспектордон коркпогон таксист

Мындай окуя бүгүн, 18-ноябрда, катталды. Анда такси кызматынын айдоочусу Милициянын патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен. Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иш козголду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik.kg)

Милиционерди капотуна жаткырып сүйрөп кеткен айдоочунун жазасы
Эреже бузган мындай айдоочуга карата "Бейбаштык", "Адам өмүрүнө коркунуч жаратуу", "Күч органдарына каршылык көрсөтүү" сыяктуу бир нече берене боюнча кылмыш иши козголот
Жаңылыктар түрмөгү
0