Ош менен Жалал-Абадда жер титиреп, күчү 5 баллга жетти

© AFP / TED ALJIBEЖер титирөөнүн графиги. Архив
Жер титирөөнүн графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Жер титирөө түштүк аймактардын айрым райондорунда беш баллдан тарта төрт жарым, төрт жана үч баллга чейин сезилген.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Жер титирөө кечээ, 17-ноябрда, саат 17:17де катталган.
Лопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Ысык-Көлдө кароосуз калган шахта урап, бир адам каза тапты
Ал Жалал-Абад жана Ош облустарынын, Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрь айылдарында 5 балл, ал эми Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко, Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт, Көк-Жаңгак айылдарында 4,5 баллга чейин сезилген. Ошондой эле Жалал-Абад шаары, Масы, Сузак, Гелеген, Таран-Базар, Кара-Алма, Саты, Жоон-Күнгөй айылдарында 4 балл, Майлуу-Суу, Өзгөн, Шамалды-Сай, Кара-Суу айылдарында 3 баллга чейин жеткени айтылды.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0