Чүйдүн бир катар айылдарында жер титиреди

© AFP / PETER STEFFENСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Жер титирөө кечээ кечинде катталган. ӨКМдин маалыматы боюнча, андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдирди. 
Жер титирөө 15-ноябрь күнү саат 18:20да катталган.
Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное, Нурманбет жана Туз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0